• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК Сооронбай Жээнбековго расмий ирет талапкердин күбɵлүгүн тапшырды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары расмий ирет каттоого алды.

БШК жыйынында С.Жээнбеков тарабынан талапкер катары каттоого зарыл бардык документтер тапшырылып, шайлоо жɵнүндɵ мыйзамдардын талаптары аткарылганы боюнча маалымат айтылды. Анда айтылгандай, талапкер мамлекеттик тил сынагынан ɵтүп, шайлоо фондун түзүү менен бирге 45 969 жарандын кол тамгаларын чогулткан.

Талапкер катары каттоо маселеси добушка коюлуп, БШК мүчɵлɵрү бир добуштан колдоого алышты. Андан соң БШК тɵрайымы Нуржан Шайлдабекова С.Жээнбековго талапкердин күбɵлүгүн тапшырды. Талапкер кылып катташканына ыраазычылыгын билдирген С.Жээнбеков алдыдагы шайлоону таза ɵткɵрүүгɵ бардык шарттар түзүлгɵнүн, шайлоонун таза атаандаштыкта ɵтүүсүн жактай турганын белгилеп ɵттү.

Журналисттер менен болгон баарлашууда ал бир катар суроолорго жооп берди. «Биринчиден, мыйзамда кызматтан кетүү боюнча эч нерсе жок. Мыйзам менин ыйгарым укуктарымды токтотуп турууну талап кылат. Менин бир катар соратниктерим кызматтан кетпɵɵгɵ, шайлоого чейин убактылуу кызматымды тапшырып турууну суранышты. Бирок мен бул боюнча кɵпкɵ ойлонуп, кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Бул маселени Алмазбек Шаршенович менен да сүйлɵштүм, ал колдоого алды. Президенттикке башка талапкерлер менен бирдей шартта ат салышам», - деди ал ɵз сɵзүндɵ.

Ошондой эле журналисттер жеңишке болгон ишеними жɵнүндɵ сурашты. С.Жээнбеков шайлоодо жеңип чыгарына ишенерин, президент болуп калса эл үчүн ак кызмат кылууга даяр экендигин билдирди. «Кудай колдоп, анан мекендештерим ишенип, добуштарын беришсе жеңишке жетериме ишенем. Менин максатым да жеңишке жетүү. Жеңишке ишенбесем, мен шайлоого катышмак эмесмин. Жеңип чыгарыма ишенгеним үчүн шайлоого баратам. Буюрса, мекендештеримдин ишеничин актоо үчүн бардык күч-аракеттеримди жумшайм», - деди.

Мындан сырткары, кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын, күндүн экинчи жарымында президентке арызын сунуштаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий