• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК төрагасы Свердлов районуна барды

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңештин (БШК) төрагасы Жаныбек Абиров жана анын орун басары Русланбек Жакышов Мичурин, Школьный, Күрөңкеев көчөлөрүндө жашаган тургундардын кайрылуулары менен жеринен таанышуу үчүн Свердлов районуна барышты.

Күрөңкеев-Школьный көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыктары көп катталат. БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тургундар жол кырсыктарын алдын алуу үчүн унаалардын ылдамдыгын чектеген жана башкы жолдун артыкчылыгын көрсөткөн жол белгилерин орнотууну сурап жатышат.

Мындан тышкары жашоочулар жол оңдоодон кийин курулуш таштандыларын тазалоо, сейил жолун жана бордюрларды салуу, Школьный көчөсүн бойлой жашыл көчөттөрдү отургузуу сыяктуу бир катар маселелерин да айтышты.

Ошондой эле бул бөлүктөгү жашоочулар үчүн коомдук унаа каттамын ачуу маселесин кароо чечими кабыл алынды.

Жагдай менен таанышып, изилдегенден кийин БШК төрагасы мэриянын тийиштүү кызматтарынын жетекчилерине, акимиат өкүлдөрүнө, “Жашылдандыруу”, БАС муниципалдык ишканаларына жакын арада белгиленген маселелерди чечүүгө тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий