• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР БШК төрайымы КМШ мамлекеттеринин эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.01.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КМШ мамлекеттеринин эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту. Бул тууралуу КР БШКнын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, миссия башчысы Василий Волков миссия көпчүлүгү ар кайсы өлкөлөрдөгү шайлоолордо байкоо жүргүзүүдө тажрыйбасы, кесиптик жагынан даярдыгы бар 138 адамдардан турары жөнүндө маалымдады.

“Биз азырынча кандайдыр бир кемчилик тапкан жокпуз. Президенттик шайлоо жана референдум кырдаалды турукташтуруунун башаты болуп, өлкө өнүгүү жолуна түшүүсүн каалайбыз”, - деди ал.

Н. Шайлдабекова КР БШКнын алдында шайлоолорду өткөрүүнүн жыш графиги турат, - деп маалымдады. Бул – 2021-жылы апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, Жогорку Кеңешти кайра шайлоо, ошондой эле Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүшү мүмкүн.

БШК башчысы автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды алуу боюнча тест өткөрүлүп жатканын белгиледи.

“Алгачкы он мүнөттүн ичинде урналардын дээрлик 80%ынан алгачкы биринчи саатта урналардын 93,5%ынан жыйынтыктар келип түшүүдө”, - деп белгиледи Н. Шайлдабекова.

“Шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча мындай комплекстүү тутумдар КМШнын бир дагы өлкөсүндө жок. Башка өлкөлөрдө кандайдыр бир элементтер бар, бирок жыйындысында мындай тутум жок”, - деп билдирген КМШ Аткомунун төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский.

Эл аралык байкоочулар 2020-жылдын октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө БШКнын позициясы укук ченемдүү болгонун белгилешти.

Эл аралык байкоочулар алдыдагы референдумга абдан кызыгышканын көрсөтүштү. Кыргызстандагы кеңеш берүүчү референдум алгач ирет өткөрүлүүдө жана өнүгүү көз карашынан алганда референдум – бул шайлоочуларга маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү оң көрүнүш. Швейцарияда жылына ар кандай маселелер боюнча 4 жолу референдум өткөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелердин улантылышына Россия тарап кызыкдар экендигин билдирди. Кыргызстандын көп сандагы жарандары Россия Федерациясынын аймагында жашаганын эске алып, Чепа Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи

Пикир

Оставить комментарий