• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК талапкер А.Малиев менен К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. 2017-жылдын 5-августундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиев менен К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.

БШК басма сөз кызматы билдиргендей, ага ылайык:

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Нонкина Елена Александровна катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шаршекееванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

- Аванов Болотбек Аванович;

- Даакиев Аманбол Абылмажынович катталды.

Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Айылчиева жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Л.Нонкинонун ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтом кабыл алынды. Чечим өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу талапкердин билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий