• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

БШК Текебаевди ЖК депутаттык мандатынан ажыратты

Коом 0

Бишкек, 01.11.17 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда “Ата Мекен” фракциясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевдин мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. БШК мүчөлөрү мындай чечимди бүгүн кабыл алышкан.

2017-жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаев менен ӨКМдин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура Текебаев менен Чотоновдун үстүнөн “коррупция” жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий