• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

БШК Текебаевдин президенттик шайлоого катышуу арызын кабыл алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин 2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоого катышуу боюнча жазган арызын кабыл алды. Бул туурасында “Кабар” маалымат агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Кечээ, 18-июнда Өмүрбек Текебаевден президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз келип түшкөн. “Ата Мекен” партиясынын лидери шайлоого өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары катышууну чечкен”- дейт Бекматов.

Анын айтымында, жумушчу топ анын арызын кароо боюнча ишин баштайт. Ага чейин, Текебаев тиешелүү документтерди алып келиш керек. Маселен, аны колдоого алган 30 миң жарандын кол тамгасы, кыргыз тилин билгендиги боюнча сертификат жана 1 миллион сом күрөө. Андан соң гана БШКдагы жумушчу топ, аны талапкер катары каттоого алуу боюнча маселени карайт.

Ошондой эле, Бекматов эгер сот Текебаевди күнөөлүү деген чечим чыгарса, анда анын талапкерлиги алынып салынарын белгиледи. "Мыйзамда көрсөтүлгөндөй соттуулугу бар же, соттулугу жабылбаган кандидаттар талапкер катары каттала албайт”,- деди ал.

Ал эми Текебаевдин талапкерлиги катталгандан кийин, сот анын ишин кароо мөөнөтүн жылдырууга же убактылуу шайлоо учурунда эркиндикке чыгарууга муктаж болобу?- деген суроого, Бекматов бул сотко берилүүчү суроо деп жооп берди.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 25-февралында Текебаевге каршы “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. Соттун чечими менен, учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Эскерте кетсек, мурдараак БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Текебаевдин президенттик шайлоого катышуусу боюнча комментарий берип жатып, бул өтө татаал маселе экенин, буга чейин тажрыйбада мындай кырдаал болбогонун айтып, БШК укук коргоо мекемелери менен бул боюнча кеңешээрин билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий