• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШК Токмоктогу добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракеттеринин чоо-жайын билдирди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. БШК Токмоктогу добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракеттеринин чоо-жайын билдирди.

БШКнын расмий сайтында маалымдалгандай, буга чейин 2017-жылдын 14-октябрында Токмок шаарында белгисиз адамдар 15-октябрда добуш берүү жүрүүчү шайлоо тилкелерин камсыздаган электр көмөкчордонунун майын агызып кеткени маалымдалган.

ИИБ кызматкерлери бул укук бузуунун алдын алышты.

15-октябрда бардык шайлоо тилкелери штаттык тартипте иштеп жатышат.

Мындан тышкары, БШКдан учурда Боршайкомдун коомдук кабылдамасына 08:00дөн тарта 78 телефондук чалуу түшкөн.

Чалуулардын мүнөзү төмөнкүдөй болгон:

13 адам – 2-форма жана шайлоочулардын башка шайлоо тилкесиндеги тизмеге киргизилиши;

7 адам – байкоочулардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүнү сурашкан;

13 адам – шайлоочулардын тизмесинде жоктугу боюнча арызданган;

17 адам – шайлоо тилкелеринин дарегин тактаган;

1 адам – үгүт иштерин жүргүзүүдөгү бузуулар боюнча даттанган;

1 адам – жашыруун добуш берүүнүн бузулушуна даттанган.

Калган чалуулар КР БШКнын компетенциясында болгон эмес (айрым шайлоо тилкелеринин даректери, ТШКга баруу каттамы ж.б.)

Пикир

Оставить комментарий