• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК укук коргоо органдарын добуш сатып алууларга жана админресурска каршы турууга окутууда

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте, Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосу менен «Шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушуна реакция жасоо жана иш-чараларды иштеп чыгууда укук коргоо органдарынын ролу» деп аталган тренинг өткөрдү.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров жана Гүлнара Журабаева катышуучуларга – укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо укугунун жана процессинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле КР БШКсы менен өз ара кандай иштешүү тууралуу түшүндүрмө беришти.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өткөн шайлоонун жүрүшүндө ачыкка чыккан мыйзам бузуулардын анализин көрсөтүшүп, ошондой эле аткарылган чаралар тууралуу айтып беришти.

Модератор «Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова болду. Тренерлер: Мырза-Айым Камчибекова, Аяз Баетов, Аслан Кулбаев. БШКнын мүчөлөрү Тынчтыкбек Шайназаров, Гүлнара Журабаева.

Бул тренинг 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга каршы турууга багытталган окутуучу иш-чаралардын циклин ачат. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шайлоочуларды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу боюнча жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун түрдүү көрүнүштөрүн жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун тартибин камтыган бир катар башка кейстерди сунуш кылышат.

Окутуу программасында – шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн конституциялык-укуктук жоопкерчилик; шайлоо комиссиялары жана комиссиялар тарабынан мыйзам бузулган иштерди кароо боюнча даттанууларды (арыздарды) кароонун тартиби; шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара иштешүүсүнүн тартиби; шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде добуштарды сатып алууга жана шайлоо процессине тиешелүү бир катар башка маселелер каралат.

Тренингдин катышуучулары тематикалык блоктор боюнча иштөөдөн кийин, шайлоо мыйзамдарынын бузулушунун ар кандай түрлөрүн, ошондой эле юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуунун тартибин камтыган кейстерди талдашты.

Катышуучулар тренерлер БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева жана Мырза-Айым Камчыбекова менен биргеликте шайлоо мыйзамдарын бузуулар ачыкка чыккандагы аракеттердин алгоритмин иштеп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий