• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК укук коргоо органдарына үгүт иштерин одоно бузган эки фактыны өткөрүп берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Боршайком укук коргоо органдарына саясий партиялардын үгүт иштерин одоно бузгандыгы боюнча эки фактыны өткөрүп берди.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Бүтүн Кыргызстан» партиясы социалдык тармактарда ЭЛСОМ аркылуу каражат жыйнап жаткандыгын жарыялгандыгын, ал эми «Мекенчил» өзүнүн үгүт иштеринде жашы жете электерди колдонгондугун билдирди.

Ошондой эле БШК 11 партияга эскертүү берген, 13 субьектке протоколдор түзүлүп, аларга жалпы суммасы 159 миң сомго айып салынды, 2 иш боюнча материалдар тез чара көрүү координациялык тобуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий