• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК жаш шайлоочулар менен иштөөнүн жаңы тариздерин иштеп чыгат

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Шайлоого катышуунун маанилүлүгү, шайлоо процессине катышуу аркылуу жарандык демилгелерди илгерилетүүнүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу жаштарга маалымдоонун жаңы тариздерин иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы уюштурган Бишкек шаарынын жаш активисттери менен Медиа мектеп таризинде онлайн жолугушууда айтылды.

Бул Медиа мектеп Борбордук шайлоо комиссиясынын жаш жана башка жарандык активисттер, шайлоо процессинин ар кыл катышуучулары, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), интернет-басылмалар, блогерлер менен иштөөсүнүн жаңы таризи болуп саналат. Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө баардык катышуучуларга шайлоо процесси, шайлоо кыргыз мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, аралаш шайлоо тутуму, партиялык тизмелерди түзүүдө квоталоо механизми ж.б. жөнүндө маалымат берилүүдө.

“Добуш берүүнүн жаңы тартиби жарандарга партия үчүн гана эмес, конкреттүү талапкер үчүн дагы добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул эркин жана аң-сезимдүү тандоо жасаганга өбөлгө болот”, - деп белгиледи шайлоо боюнча медиа эксперти Авланбек Жумабаев

Өткөрүлгөн онлайн дикуссиянын катышуучуларына жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу жана бирдиктүү же бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча көрсөтүү аркылуу жаштардын жарандык демилгелерин илгерилетүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эске салышты. 2021-жылдын 11-июлунда өткөн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо мисалга келтирилди. Анда саясий партиялардын катталган тизмелеринде депутаттыкка талапкерлердин кыйла санын 30 жашка чейинки жаш талапкерлер түздү. Атап айтканда, кайталап шайлоодо депутаттыкка 32 саясий партиядан 2 292 талапкер катталган. Алардын 533 талапкери же 44,8%ы – 30 жашка чейинки талапкерлер.

Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын жалпы тизмесинде 30 жашка чейинки курактагы шайлоочулар көпчүлүк бөлүктү түзөт. Бул жаштарга шайлоого жана шайланууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий