• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШК: Жээнбеков шайлоодо жеңилип калса, премьерликке кайтып келе алат

Саясат 0

Бишкек, 31-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланбай калса, кайра өкмөт башчылыкка келсе болот. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыкадыр Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков президенттикке талапкер. Эртеңки күндөн баштап талапкерлерди каттоо башталат.

“Аны талапкер катары каттаган күндөн тартып, ал кызматын өткөрүп бериш керек же убактылуу токтотуп турушу шарт. Муну ал өзү чечиш керек”,-деди Бекматов.

Ошондой эле, Бекматов Жээнбеков президент болбой калса, мурдагы кызматына кайтып келсе болоорун айтты.

“Бул өкмөт боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн”,- деп түшүндүрдү БШК мүчөсү.

Бүгүн, 31-июлда президенттикке дагы бир талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйында Жээнбеков премьер-министрликтен кетиши керектигин айткан болчу.

Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий