• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

БШК Жээнбековду президенттикке талапкер катары каттады

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 21.08.17. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары каттады. Бул тууралуу “Кабарга” КР БШК билдирди.

Чечим БШК жыйынында бүгүн кабыл алынды.

Эскерте кетсек, учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДП саясий партиясынан президенттикке талапкер болуп саналат.

Азыркы тапта С.Жээнбеков кызматынан кетээри же премьер-министр катары милдетин аткара берээри белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий