• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК: Жеке телерадиокомпанияларда шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынбайт

Коом 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет басмаларында КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы жеке телекомпаниялар аркылуу шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыяу салды деген маалымат жарыяланган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, БШК расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет:

КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүүдө “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” КРнын Конституциялык мыйзамдарына ылайык иш алып барат.

Бул мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштерине мамлекеттик жана жеке телерадио уюмдар көрсөтүлгөн тартипте бирдей катышары каралган.

Эң башкы талап бардык талапкерлерге жана партияларга бирдей мамиле кылуу принциби болуп эсептелинет. Талапкерлерге, саясий партияларга эфирдик убакыт берген телерадио уюмдар менчик формасынан көз каранды башка талапкерлерге жана саясий партияларга дагы ошол эле шартта эфирдик убакыт берүүгө милдеттүү (баасы, эфирге чыгуусу, убактысы жана башка шарттары бирдей болуусу керек).

Пикир

Оставить комментарий