• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу токтому кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 20.10.17 /Кабар/. 2017-жылдын 19-октябрында КР БШК жыйынында Ноокат, Аламүдүн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана депутаттык мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматында, ошентип:

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айыл кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу Я. Висаеванын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат пенсионер М.Аликуловга өткөрүлүп берилди;

-Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды айкалыштырып иштөөгө мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу Б.Баатыров ыйгарым укуктарын токтотту, мандат жайыт башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча Ош облусундагы жергиликтүү адис Б.Кааровго өткөрүлүп берилди;

-Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды айкалыштырып иштөөгө мүмкүн болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу Т.Усеналиев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү С.Төлөналиевге өткөрүлүп берилди;

-Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл кенешинде Эсенгул Уулу Калыстын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызынын негизинде, мандат кийинки шайланган “Ред Петролиум” май куюу станциясынын оператору Турдубек уулу Мирланга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий