• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Коом 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссия (БШК) 26-апрелде жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Базар-Коргон, Өзгөн, Нарын, Жумгал, Москва, Сузак жана Бишкек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешиндеги депутат Жолдош у. К. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – У.Кадыровго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешиндеги депутат А.Халмуратов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – О.Мамарасуловго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешиндеги депутат Т.Осмонкулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ыманбек у. Б. өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги «КСДП» депутаттык фракциясынан депутат А.Маматкулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Тажибаевага өткөрүлүп берилди («КСДП» саясий партиясынан);

- Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешиндеги депутат М.Абжалов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ысмайыл у. С. өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги депутат Ырысбек у. Э. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ч.Ашымовага өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Шералиева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Жабуевге өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Жумгал районунун Тош-Булак айылдык кеңешиндеги депутат Баяке уулу Б. өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Н. Солтонбековго өткөрүлүп берилди;

- Бишкек шаардык кеңешиндеги бош калган мандат “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Б.Шайдуллаевге өткөрүлүп берилди (2019-жылдын 10-апрелинде №47 токтом менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган).

Пикир

Оставить комментарий