• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК Жогорку сотко Талант Мамытов боюнча кайрадан кассациялык даттануу жолдоду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылы 2-ноябрда талапкер Талант Мамытовду “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине калыбына келтирүү боюнча Бишкек шаардык административдик соттун чечимине даттануу боюнча КР Жогорку сотуна кассациялык даттанууну кошумча өтүнмө менен кайталап берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда Бишкек шаардык административдик соту өз чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-октябрындагы чечиминин №7 талапкер Т. Мамытовду каттоодон баш тартуу жана “Ынтымак” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен алып салуу бөлүгүн жокко чыгарган.

БШК 2021-жылы 29-октябрда Бишкек шаардык административдик соттун чечимине даттануу үчүн Жогорку сотуна кассациялык даттануу берген.

Жогорку сот 1-ноябрда кассациялык даттанууну кароо боюнча сот процессинин датасын жана убактысын 2-ноябрга саат 15:00гө дайындаган.

2021-жылы 2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы кассациялык даттанууну кайтарып берүү жөнүндө КР Жогорку сотунун 2021-жылдын 1-ноябрдагы аныктамасын алды.

Жогорку соттун аныктамасында белгиленген боюнча кассациялык даттануу Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү тарабынан 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним катынын негизинде кол коюлган. Мында сот коллегиясы КР АПКнын 64-беренесинин 2-бөлүгүн бузуу менен кассациялык даттанууга талаптагыдай күбөлөндүрүлбөгөн ишеним кат тиркелген деп көрсөткөн, коллегиянын пикири боюнча, ушуга байланыштуу, анын аныктыгын белгилөө жана өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү кат жүзүндөгү далил катары кабыл алуу мүмкүн эмес.

Көрсөтүлгөн жагдайларга байланыштуу сот коллегиясы КР АПКнын 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна шилтеме берип, Борбордук шайлоо комиссиясынын кассациялык даттануусун кайтарып берүүнү аныктаган.

2-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы соттун көрсөтүлгөн аныктамасы менен таанышып чыгып, кассациялык даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жана кароо жөнүндө өтүнмөнү тиркөө менен бул маселе боюнча кассациялык даттанууну кайталап берди, анда Жогорку Соттон бир катар жагдайларга көңүл бурууну өтүндү.

Кассациялык даттанууну кайтарып берүүнү негиздеп, сот коллегиясы шилтеме берип жаткан КР АПКнын 254-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде даттануу ушул КР АПКнын 249-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе, кассациялык даттануу кассациялык инстанциядагы сот тарабынан, даттанууну берген адамга кайтарып берилери белгиленген.

Биринчи инстанциядагы сот – Бишкек шаардык административдик соту аркылуу кассациялык даттанууну берүүдө кассациялык даттанууну берген БШКнын өкүлү тарабынан КР АПКнын 249-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдери сакталган.

Атап айтканда, БШК өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-февралында берген, мамлекеттик органдын расмий фирмалык бланкында аткарылган, жетекчи – Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон, ошондой эле аталган комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү тиркелген.

Көрсөтүлгөн 2021-жылдын 12-февралындагы талаптагыдай таризделген ишеним катта белгиленгендей, М.М. Кутбердиевага баардык сот инстанцияларында Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болууга, анын ичинде сот актыларын даттануу укугу менен, ыйгарым укук берилген.

Көрсөтүлгөн өкүл 2021-жылдын 29-октябрындагы кассациялык даттануу бергендегидей Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү катары ишеним кат боюнча бир нече ирет биринчи инстанциядагы соттун чечимдерине кассациялык даттанууну ишеним каттын көчүрмөсүн тиркеп бергенин, ал ишеним кат Жогорку Сотту эч качан күмөн санатпагандыгын белгилей кетүү керек.

Ал тургай, көрсөтүлгөн административдик иштин материалдарына биринчи инстанциядагы сот тарабынан күбөлөндүрүлгөн 2021-жылдын 12-февралындагы ишеним каттын көчүрмөсү тиркелген.

Кассациялык даттануу КР АПКнын 201-беренесинде аныкталган мөөнөттү сактоо менен 2021-жылы 29-октябрда берилгендигин, ошондой эле өкүлгө анык ишеним каттын бар экендигин эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө өтүнмө менен кассациялык даттанууну кайталап берди.

Пикир

Оставить комментарий