• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШКдан жаңы президенттин инаугурациясы качан болоорун айтышты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы расмий жыйынтык жарыялангандан соң 30 күндүн ичинде болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Боршайкомдун Төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымы боюнча, эртең, 29-октябрда кээ бир шайлоо тилкелериндеги добуштарды жараксыз деп айтып жаткан талапкер Токтайым Үмөталиева акыркы инстанциядагы чечимди Жогорку сотко даттануусу мүмкүн. Биринчи инстанцияда Үмөталиева утулуп калган.

“Эгерде ал даттанбаса анда, жыйынтык 31-октябрда же 1-ноябрда угузулушу мүмкүн”,-деди Бекматов.

Жыйынтык айтылган күндөн тарта 30 күндүн ичинде жаңы президенттин инаугурациясы болушу керек.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев өз жумушуна 2011-жылдын 1-декабрында киришкен.

Жаңы президентти шайлоо 2017-жылдын 15-октярбында өткөн. Болжолдуу жыйынтыктар боюнча экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан.

КРнын мыйзамына ылайык, Кыргызстандын президенти 6 жылга шайланат.

Пикир

Оставить комментарий