• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШКга кайра шайлоо. Бишкек шаарында коомдук-саясий кырдаал туруктуу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Борбор калаада Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоо кызуу жүрүп жатат. Шаардагы коомдук-саясий кырдаал туруктуу, - деп билдирет мцнипицалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бардык участкалык шайлоо комиссиялары эртең мененки саат 08:00дө өз ишин гимнди аткаруу менен башташты.

Шаарда 228 шайлоо участкасы уюштурулган:

Ленин районунда - 62;

Октябрь районунда - 59;

Биринчи май районунда - 49;

Свердлов районунда - 58.

Бишкек шаарында шайлоо күнү шайлоочулардын саны 426 миң 699 адамды түздү, анын ичинен:

- Ленин районунда - 125 миң 986;

- Октябрь районунда - 107 миң 615;

- Биринчи май районунда - 93 ми ң 191;

- Свердлов районунда - 99 миң 907.

Кечээ жайдан тышкары добуш берүү болду. 1872 шайлоо участкасында 2 272 шайлоочу эрте добуш берди.

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочуларга жайдан тышкары добуш берүү шайлоо күнүнө бир календардык күн калганда мүмкүнчүлүк берилет.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын техникалык колдоо тобу автоунаалар менен камсыздалды.

Пикир

Оставить комментарий