• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШКга мыйзам бузуу боюнча 31 маалымат түшкөн, анын ичинен 9у добуш сатып алуу боюнча

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 31 маалымат түшкөн. Бул тууралуу координациялык топтун жыйынында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен шайлоочунун укугун бузуу – 1, сатып алуу – 9, административдик ресурс колдонуу – 8, коркутуу жана кысым көрсөтүү – 1, талапкер тарабынан жалган маалымат таратуу боюнча – 1, үгүттөөнүн эрежесин бузуу – 3, шайлоо кампаниясын каржылоо маселесин бузуу – 3, жана башка – 6.

“Анын ичинен 13 маалымат каттоо журналына катталып, анын ичинен экөө боюнча текшерүү жүрүп жатат. Келип түшкөн 12 маалымат боюнча фактылар далилденген эмес. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталган, алар боюнча тергөө жүрүүдө. Анын ичинен 2 факт Аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) өткөрүлүп берилди, ошондой эле АШК тарабынан 2 факты боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”,-деди ал.

Шайлдабекова резонанс жараткан маселелер бар экенин билдирди. Ал буга чейинки тажрыйбага ылайык, добуш сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу мыйзам бузууларды күчөтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституция боюнча референдум өтөт.

Пикир

Оставить комментарий