• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШКга президенттик шайлоого катышууга 8 арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 29-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. БШКга президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган 8 жарандан арыз түшкөн.

“Кабар” агенттигине Борборшайком басма сөз кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен 7 - өзүн өзү көрсөткөндөр жана бир гана экс-премьер-министр Темир Сариевди партия көрсөткөн.

БШКга арыз менен кайрылгандар: «Чистые патриоты Кыргызстана» партиясынын лидери Назаркул Нышанов, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Аурдин” ЖЧК директору Арстанбек Абдылдаев (“Кыш болбойт” фразасынын автору), “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев, “Коомдук анализ институту” КУ директору Рита Карасартова, “Маро” (Латвия) латвиялык фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов, Борбор Азия эл аралык университетинин проректору Камила Шаршекеева жана экс-премьер-министр Темир Сариев.

Мындан тышкары, “Кабар” агенттигине БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдиргендей, шайлоого катышуу каалоосун мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жана БУУнун Афганистандагы саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий