• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШКга президенттикке талапкер Темир Сариевден арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына кечээ президенттикке талапкер Темир Сариевден арыз келип түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, БШКга президенттик шайлоого катышууга расмий түрдө “Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин башчысы Назарбек Нышанов жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев арыздары менен кайрылышкан.

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июнда башталып, 15-октябрда аяктайт. Бардык талапкерлер БШКга арыздан тышкары тиешелүү документтерди, анын ичинде аны колдоочу 30 миң адамдын колун, кыргыз тилин билгендиги тууралуу сертификат жана 1 млн сом өлчөмүндө күрөө тапшыруусу шарт.

Пикир

Оставить комментарий