• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШКга президенттикке талапкерлерден 19 арыз түштү

Саясат 0

Бишкек, 10-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер болгондордон 19 арыз түштү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ардагери, пенсионер Анвар Сартаевден шайлоого катышуу боюнча арыз келип түшкөн.

“Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына 19 арыз келип түштү. 3 арыз саясий партиялардан ал эми 16 арыз өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерден”,-деди Бекматов.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Талапкерлердин арыздары 15-августка чейин кабыл алынат. Андан соң талапкерлерди каттоо процесси башталат. Катышуучуларды каттоо иши 9-сентябрда токтойт.

Пикир

Оставить комментарий