• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШКга талапкерлигин көрсөткөн М.Кыдыралиевадан арыз түштү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылы 28-февралда туулган, коомдук-саясий ишкер Кыдыралиева Марта Кадыракуновнадан арыз түштү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 2017-жылдын 26-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары 32 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиевадан).
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 7 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев –
«Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «БүтүнКыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы).

Пикир

Оставить комментарий