• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШКнын көпчүлүк коалициясы Бишкек мэрлигине талапкер көрсөттү

Саясат 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) көпчүлүк каолициясы калаа мэрлигине Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын депутаты Эрмек Усубалиев билдирди.

Анын айтымында, коалициянын жыйыны бүгүн болгон, жыйынтыгында БШКнын 4 партиясы Суракматовдун талапкерлигин колдогон.

Бишкектин мэрин шайлоо 2018-жылдын 8-августунда болот. Азырынча расмий түрдө бир гана талапкер сунушталды.

Азиз Суракматов Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында депутат болгон.

Пикир

Оставить комментарий