• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШКнын мүчөлөрү ИИМге “шалаакылык” боюнча иштин алкагында суракка чакырылган - ИИМ

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. БШКнын мүчөлөрү ИИМге “шалаакылык” боюнча иштин алкагында суракка чакырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Анын айтымында, сотко чейинки өндүрүш иши Башкы прокуратура тарабынан 8-октябрь күнү катталып, тергөө жүргүзүүсү үчүн ИИМге жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын мүчөлөрү аларга ИИМге суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы тапшырылганын билдиришкен. Ошондой эле алар БШК мүчөлөрүнүн суракка чакырылышы БШКнын ишине кийлигишүү эмеспи деген суроо койгон.

Пикир

Оставить комментарий