• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

БШК төрайымы Шайлдабекова президенттик инаугурация качан өтөрүн айтты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-январда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өттү. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мыйзамга ылайык 20 күндүн ичинде шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыгышы керек. Ал эми инаугурация шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин бир айдын ичинде өтүшү керек.

Шайлдабекова кошумчалагандай, кандай учурда экинчи айлампа же кайра шайлоо өтөрү тууралуу мыйзамда так жазылган. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, талапкерлердин бири да жалпы добуш берген шайлоочулардын 50%дан ашпаган добушун алса, анда экинчи тур жарыяланат. Экинчи турга алдыга озуп чыккан эки талапкер катышат. "Бирок мыйзамда белгилүү бир сандагы шайлоочулардын шайлоого катышуусу талап кылынбайт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий