• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШКнын ыкчам байланыш номери Россия менен Казакстанда жашаган кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болуп калды

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Эми Россия менен Казакстанда жашаган жана шайлоо маселелери менен жол-жоболору боюнча маалымат алууну каалаган Кыргызстандын жарандары БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын (КР БШК) колл-борборунун ыкчам байланышына акысыз чала алышат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Колл-борбордун максаты – өлкө аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарын шайлоо маселелери жана жол-жоболору: биометрикалык каттоо, консулдук эсепке алуу, шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүү участкалары ж.б. боюнча кеп-кеңештерди берүү жолу менен шайлоо процесстерине кеңири аралаштыруу болуп саналат.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо өткөрүүдө түз байланыш боюнча маалымат берүүнүн маанилүү экендигин белгилеген.

«Жарандарыбыздын чет өлкөлөрдөгү добуш берүү процессине катышуусун активдештирүү биз үчүн абдан маанилүү. Жарандарды кызыктырган ар кандай суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берген ыкчам байланышты түзүү жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана ага катышуу эрежелери, ошондой эле шайлоого катышкан талапкерлер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жолдорунун бири болуп саналат. Маалымдуулукту арттыруу – чет өлкөлөрдөгү жарандардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу үчүн зарыл болгон маанилүү шарттардын бири болуп эсептелинет», - дейт Шайлдабекова.

Өзгөчө маанилүү нерсе – ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, пенсионерлер, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрү колл-борбордун операторлору катары ишке тартылган. Алардын катышуусу БУУӨП долбоору тарабынан камсыздалган.

КР БШКда алар үчүн атайын окутуп-үйрөнүү курстары уюштурулган. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, ошондой эле жаштардын, аялдардын жана башка калктын аялуу топторунун өкүлдөрүнүн шайлоо процессине катышуусун колдоого алуу БУУӨПтүн аталган программасынын негизги багыттарынын бири болуп саналат.

«Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү демократиялык шайлоону өткөрүүнүн негизги принциби болуп саналат жана БУУӨП Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандардын бардык категорияларынын шайлоо укуктары ишке ашырылуусун ар тараптан камсыздоо боюнча иш-аракеттерин колдойт. Бул демилгени көтөрүп чыгуу менен БШК бир жагынан чет жактарда жашаган жарандарга өз шайлоо укугун жүзөгө ашырууга жардам берип, экинчи жагынан, мыкты эл аралык практикага шайкеш - шайлоочулардын көбүрөөк аялуу болгон категориясын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, пенсионерлердин, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрүн ишке тартып, алардын Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүүгө жана уюштурууга катышуусун камсыздоо менен бул милдетти комплекстүү түрдө чечүүгө аракет кылды», - деп баса белгилеген Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн шайлоо боюнча улук кеңешчиси Юлия Шипилова.

Шайлоо маселелери жана жол-жоболору боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн номерлер: 8 10 800 0000 5727 (Казакстандан) жана 8 800 3018318 (Россия Федерациясынан).

Пикир

Оставить комментарий