• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

БШКнын ыкчам тобуна 100гө жакын чалуу келип түштү – Шайлдабекова

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Азыркы учурда БШКнын ыкчам билдирүү кызматына 100гө жакын чалуу келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун Төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Андан сырткары, анын айтуусу боюнча БШКга 16 адамдан арыз келип түшкөн. Алар форма 2 боюнча башка тилкеге көчүрүлүп калгандыктарын айтышкан.

Шайлдабекованын айтуусу боюнча, эгерде шайлоочулардын уруксатысыз көчүрүлгөн фактысы ачыкталса, бул маалымат укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

“Маалымат текшерилүүдө. Биз 10 мүнөттүн ичинде кээ бир маалыматтарды текшерүүгө мүмкүндүгүбүз бар”.-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий