• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу пландалууда - Казакбаев

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Жакын арада Будапешт – Бишкек түз аба каттамы ачылышы мүмкүн. Бул туралуу бүгүн КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда билдирди.

“Дагы бир маанилүү макулдашуу – Будапешт – Бишкек түз аба каттамын ачуу болду. Бүгүн биздин арабызда белгилүү венгер «Wizz Air» авиакомпаниясынын башчысы отурат, ал Бишкек – Будапешт түз аба каттамын ачуу боюнча КРнын транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул өтө маанилүү. Виза берүү, түз аба каттам – эки өлкөнүн жарандарын ташуу жана жакындатууга жакшы шарт түзөт. Мунун бары биздин өлкөнүн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү үчүн маанилүү. Ошондой эле биз Абу-Даби – Бишкек каттамы боюнча «Wizz Air» кампаниясынын авиакаттамын ачуунун мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз, ал Кыргызстандын араб аймактарына чыгуусу үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачат”,-деди КР ТИМ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий