• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгү ачылды

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Күн мурун Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто катышты, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тараптар Өзбекстанды Түрк кеңешинин толук укуктуу мүчөсү катары болуу чечимин жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында уюмду мындан ары да өнүктүрүү боюнча бардык мүчө-өлкөлөрдүн жигердүү катышуусун канааттануу менен белгилешти.

Будапешт шаарында Түрк кеңешинин өкүлчүлүгүн ачуу аземи ТТМКК ТИМКнын формалдуу эмес жыйынын маанилүү окуясы болуп калды, ал ТТМККнын европа бөлүмү болуп калат. Министр Ч. Айдарбеков куттуктоо сөзүндө Венгрия Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммиттин мурдагы кеңешинде байкоочу статусун алып, өз борборунда ТТМККнын европа бөлүмүн ачуу жолу менен түрк дүйнөсүнө жигердүү интеграцияланып жаткандыгын баса белгилеген.

"Формалдуу эмес жыйындын жүрүшүндө 2019-жылдын 15-октябрында Азербайжандын Баку шаарында өтө турган ТТМКК Саммитин өткөрүү маселелери талкууланды, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын ачылышынын астында өзгөчө актуалдуу болгон эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу жөнүндө бир катар макулдашуулар жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий