• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Будапештте “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форуму өтүп жатат

Экономика 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Европа континентинин эң кооз шаарларынын биринде болгон Будапештте “Кыргызстан–Венгрия” бизнес-форуму өтүп жатат.

Форумдун салтанаттуу ачылышына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү.

Президент эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Венгриянын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн бүгүнкү иш-чаранын маанисин белгиледи.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, форумга агроөнөр жай, жеңил өнөр жай, туризм, курулуш, фармацевтика жана башка тармактардан эки өлкөнүн 150дөн ашык ишкери катышууда.

Иш-чаранын негизги уюштуруучулары КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик жана Венгриянын экспортту илгерилетүү боюнча агенттиги болду.

Форумдун программасында бизнес кызматташтыктын келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү камтылган.

Ошол эле учурда бизнес-форумдун алкагында ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсү өтүүдө. Эт жана консерва азыктары, кургатылган жемиштер, ошондой эле улуттук суусундуктар жана кийизден жасалган сувенирлер тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий