• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Будапештте кыргызстандык скульптор Тамила Маматованын жеке көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Кечээ, 15-июнда Будапешт шаарында КР маданиятынын мыктысы, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скульптор Тамила Маматованын айкелдеринин жеке көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылыш аземине скульптуралардын автору, Венгриянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, дипломатиялык корпус жана бизнес чөйрөсү катышты.

Белгиленгендей, кыргыз скульпторунун эмгектери коомчулукта зор кызыгууну туудурду. Көрсөтүлгөн экспозициялар кыргыз элинин маданиятын жана каада-салтын чагылдырат. Көргөзмө 2022-жылдын 17-июнуна чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий