• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Венгрия кыргызстандык студенттер үчүн ЖОЖдордо окутуу квотасын 200 орунга чейин көбөйттү

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Венгрия кыргызстандык студенттер үчүн ЖОЖдордо окутуу квотасын 200 орунга чейин көбөйттү. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-ноябрда Будапештте Экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйынына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин Stipendium Hungaricum жана Венгриянын Дипломатиялык академиясынын мамлекеттик катчысы О.Пачаи-Томашичтин биргелешкен жолушугуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттердин окуусуна квотаны 200 орунга чейин көбөйтүү чечими үчүн венгер тарапка ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын университеттеринин мындан аркы кызматташуусу, Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы О.Пачай-Томашичтин Кыргызстанга сапарын уюштуруу, КР жана Венгриянын ЖОЖ ректорлорунун форумун өткөрүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий