• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Будапешттеги университетте Кыргызстанга караштуу китеп бурчу пайда болду

Коом 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Будапешт шаарындагы “ELTE” Этвёш Лоранд университетинин түркология факультетинде Кыргызстанга караштуу китеп бурчунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Китеп бурчуна байыркы кыргыздардын улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган материалдар (китептер жана сувенирлер) коюлган. Алар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан берилген.

Салтанатуу иш-чарага Кыргызстандын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков, Мажарстандын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, Будапештте аккредитацияланган түрк тилдүү мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, “ELTE” университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана Кыргызстандан келген студенттер катышты.

Элчи өз сөзүндө Кыргызстан тууралуу китептер жана басылмалар, дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары, “Манас” эпосунун үчилтиги жана башка көптөгөн чыгармалар мажар элинин маданиятына, жашоо образына жана салттарына көп жагынан окшош келип, Кыргызстандын маданияты, жашоосу жана каада-салттары жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга мыкты мүмкүнчүлүк берэрин белгиледи.

Белгилей кетсек, кыргыз китеп бурчу мажарстандык студенттерге жана мугалимдерге байыркы кыргыздардын маданияты жана турмушу тууралуу кененирээк маалымат берип, Кыргызстан менен Мажарстан элдеринин ортосундагы достук байланыштарын чыңдоого жардам берет.

Иш-чаранын соңунда элдик ырлар менен коштолгон чакан концерт тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий