• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Бишкекке Екатеринбург шаарынан 157 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамы менен 157 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ”Манас” эл аралык аэропортунда “Урал авиакаттамдары” авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. 157 жүргүнчү учуп келди.

"COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо максатында, жеке коргонуу каражаттарын колдонууда бардык коопсуздук чаралары сакталып, чартердик катамдын жүргүнчүлөрү аба майдандын перронунда тейленет, андан кийин алар обсервацияга жөнөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий