• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Bugatti дүйнөдөгү эң кымбат автоунааны тартуулады

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Франциянын Bugatti компаниясы Женевадагы автосалондо La Voiture Noire деп аталган гиперкарды сунуштады.

Гиперкардын баасы 11 миллион евро. Бул тууралу компаниянын сайтында кабарланат.

Bugatti компаниясынын 110 жылдыгына арналган машинана дүйнөдөгү эң кымбат унаана деп аталууда.

Автоунаа жалгыз нускада чыгарылып, сатылган. Ээсинин аты-жөнү ким экени айтылган жок.

La Voiture Noire бардык деталдары жогорку квалификациядагы адистер тарабынан колго чогултулган.

Автоунаада 8 литр кыймылдаткыч жана 16 цилиндр менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий