• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Бугу эне” фондуна дагы бир арстандын баласы өткөрүлүп берилди

Коом 0


Бишкек, 01.12.17. /Кабар/. “Бугу эне” фондуна документтери жок табылган дагы бир арстан өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, кечинде белгисиз адамдар “Бугу эне” фондунун имаратынын алдына арстандын баласын таштап кетишкен. Фондун жекетчиси Салтанат Сейитова инспекцияда кабар берип, андан соң экологдор арстандын баласын текшерүүгө алышкан. Арстандын баласанын саламаттыгы жакшы экендиги аныкталган.

Арстанга Актилек деген ысым ыйгарылды.

Эске сала кетсек, мурда Бишкектин көчөлөрүндө сейилдеп жүргөн дагы бир арстандын баласы табылып, “Бугу эне” фондуна өткөрүлүп берилген. Ага болсо Акжолтой деген ысым ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий