• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бухара шаарында көп кабаттуу үйдө газ жарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. 4-февралда Бухара шаарындагы Ислам Каримов атындагы көчөдө курулуп жаткан сегиз кабаттуу үйдө газ жарылган.

Жарылуу үчүнчү кабатта болгон, натыйжада 12 киши жабыркап, ооруканага жеткирилди, айрымдарынын абалы оор.

Соттук-медициналык жана курулуш-техникалык экспертизалар дайындалды.

Бул факт боюнча “өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнү облустук прокуратура өз көзөмөлүнө алды.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеген.

Пикир

Оставить комментарий