• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бухарада газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Өзбекстандын Бухара облусундагы үйлөрдүн биринде газ жарылып, сегиз жаштагы бала каза болду.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлагандай, жарылуу 16-октябрь күнү эртең менен Коракул районундагы айылдардын биринде жашаган тургундун үйүндө болгон.

Жыйынтыгында 2-класста окуган бала жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Жарылуу фактысы боюнча райондук прокуратура тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Пикир

Оставить комментарий