• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бухарада жергиликтүү бийлик таланттуу окуучу үчүн үй салып берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Бухара облусунда жергиликтүү бийлик математика боюнча эл аралык олимпиадалардын көп жолку жеңүүчүсү, 9-класстын окуучусу Дониер Исмоиловдун үй-бүлөсүнө там салып берди. Учурда курулушчулар үйдүн ички жасалгалары менен алектенүүдө.

Былтыр жергиликтүү басылмалар Дониер Исмаиловдун апасы кара сарык менен ооруп жатканы, атасынын туруктуу жумушу жок экенин кабарлашкан. Үй-бүлөдөгү каржы маселелеринен улам өспүрүм окуусун уланта албай калган.

Кийинчерээк Бухара облусунун башчысы Уктам Барноев окуучунун үй-бүлөсүн кабыл алып, үй салып берерин билдирген.

Элдик билим берүү башкармалагы Дониер Исмаиловго ноутбук белек кылууну, Өзбекстан Жаштар биримдиги ал үчүн жеке китепкана уюштурууну убада кылган.

Пикир

Оставить комментарий