• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бухарестте КР элчилигинин кызматкерлери Румыния ТИМнин өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бухарест шаарында Кыргызстанда Румыниядагы (резиденциясы Киев шаарында жайгашкан) элчилиги Румыниянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин башкы директору Д.Ианку жана Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары А.Минкулеску менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Элчилик өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сапарларын уюштуруу жана ТИМ аралык кеңешмелерди, ошондой эле, бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде, Румын тарап Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин жана эки тараптуу кызматташуунун бардык аспектилери боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын күз айында ТИМ аралык кеңешмелерди өткөрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча ишти экономикалык чөйрөдө активдештирүү жана кызматташуу боюнча динамикалык иштерди жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий