• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда 2002-жылдын 29-апрелиндеги №76 “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдын 7-статьясына толуктоо киргизилет. Ага ылайык, Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субьекттериндин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий