• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бул баардык спортчулардын, машыктыруучулардын жана мугалимдердин сыйлыгы — Ахмаджон Рахимов

Коом 0

Бишкек, 29.08.20 /Кабар/. Күн мурун, 28-августта Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Дээрлик 100дөн ашуун адам ар кандай сыйлыктарга ээ болушту.

II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган Кара-Суу балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин эркин күрөш боюнча машыктыруучусу Ахмаджон Рахимов «Кабар» агенттигине өз кубанычы менен бөлүштү.

«8-класста мектепте секция ачылып, ошондон бери эркин күрөш менен машыга баштадым. 1972-жылы облустун чемпиону болдум. Ошондой эле баскетболду жакшы көрчүмүн, бирок боюм кичинекей болгондуктан күрөштө калдым. Кийин Дене тарбия институтуна тапшырдым. 1976-жылдан тарта спорттук мектепте иштей баштадым. 1977-жылы СССРдин күрөш боюнча спорт мастери болдум. Ал эми 2001-жылы республиканын күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу болдум. 2000-жылы мен президенттен грамота алганмын. 1989-1990-жылдар аралыгында бел боо күрөшү боюнча абсолюттук чемпион болгом. Мен эл агартуунун жана спорттун отличнигимин. 2007-жылы Кара-Суу шаарынын эл тарабынан шайланган башчысы болдум. 2013-жылы кызматтан кетип, балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде азыркы күнгө чейин иштеп келем», - деп Рахимов өзүнүн эмгек жолу тууралуу айтып берди.

Ахмаджон Каримович бул абдан чоң сыйлык экендигин баса белгилеп өттү.

«Сыйлык жөнүндө кабардар болгонумда абдан кубандым. Менин кубанычымды үй-бүлөм жана кесиптештери тең бөлүштү. Бул сыйлык баарыбыз үчүн абдан маанилүү. Менин ийгилигиме бардыгы кубанычта болушту. Бул республикадагы баардык спортчулардын, машыктыруучулардын жана мугалимдердин сыйлыгы», - дейт Рахимов.

Пикир

Оставить комментарий