• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бул ирет мамлекеттик сыйлыктар татыктуу ээлерин тапты – КР эл жазуучусу

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Бүгүн белгилүү прозаик Сейит Жетимишевге расмий түрдө КРнын эл жазуучусу деген ардактуу наам ыйгарышты.

Жазуучу өзүнүн жашоосундагы маанилүү окуя тууралуу айтып жатып, мамлекет тарабынан мындай көңүл буруу албетте өлкөнүн өнүгүшүнө дагы да болсо өзүнүн оң таасирин тийгизет деп ишене тургандыгын айтты.

“Адамдын ак эмгеги ар дайым жогору бааланышы керек. Эгерде бул болбосо, анда коомчулук каалаган ийгиликке жете албайт. Адилеттүү эмгекти туура жана татыктуу баалоо коомчулукту алдыга жылдырат. Азыр чыгармачыл адамдарга көп жылдардан бери биринчи жолу туура баа берилди. Менимче коомчулук бул менен макул болот”, - деп билдирди жазуучу.

Андан тышкары, ал анын калемин баалап, жогорку сыйлыкка көрсөткөндөрү үчүн Кыргызстандын жазуучулар кеңешине, президентке жана анын чыгармачылыгын баалаган маданият, маалымат жана туризм министрлигине ыраазычылык билдирди.

Жетимишев Сейит - жазуучу, Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1936-жылы 15-октябрда туулган.

1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин аяктап, 1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы Кыргызстан ЛКЖС БКнын Фрунзе обкомунда инструктор болуп дайындалган.

1959–1966-жж. радиоуктурууда редактор, Кыргыз КСРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде адабият жана жаштар редакциясында редактор,

1967–1971-жылдары "Кыргызстан маданияты" гезитинин редакторунун орун басары,

1971-жылы Кыргызстан КП БКнын кызматкери,

1973-жылы "Кыргызстан" басмасынын директору,

1975–1983-жылдары "Чалкан" журналынын башкы редактору,

1987-жылы «Мектеп» басмасынын директору,

1988–1992-жылдар аралыгында "Адабият" басмасынын мүдүрү,

1992–1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архивдик башкармалыгынын мүдүрүнүн орун басары болуп иштеген.

Чыгармачылык жолу 50-жылдары башталып, "Менин атам" аттуу биринчи повесттер жыйнагы 1962-жылы жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус жана коңшу республикалардагы элдердин тилдерине которулган.

Пикир

Оставить комментарий