• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бул өлкө үчүн туура тандоо болмок - Атамбаев КСДПнын президенттикке талапкери тууралуу

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Казань, 24-июнь /Кабар/. "Бул өлкө үчүн туура тандоо болмок", - деп жооп берди Алмазбек Атамбаев журналисттердин КСДП партиясынан президенттикке талапкери тууралуу журналисттердин суроосуна.

Президент журналисттердин суроосуна 24-июнда Казанда Россия Федерациясына мамлекеттик сапарын аяктап жатып жооп берди.

"Мен Сооронбай Жээнбековду 1995-жылдан бери тааныйм, ал кезде биз чогуу парламентте депутат болчубуз. Биринчи эле жылы биз ошол кездеги президентке эч жакпаган "Реформа" фракциясын түздүк. Ага 70 депутаттын 29у кирген. Сооронбай Жээнбеков менин орун басарым эле жана бул 20 жылдан ашык убакыттан бери мен аны адамгерчиликтүү, чынчыл адам катары билем", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

"Бул идеянын адамы жана чынчыл, түз адам. Менимче, бул өлкө үчүн туура тандоо болмок. Мен КСДП съездде аны толук колдойт деп ишенем. Бул абдан таза, жаман иштерге эч аралашпаган адам. Ал өлкөнүн бүгүнкү таза, ачык коомду түзүү жолун улантып кетмек деп ишенем", - деп жыйынтыктады А.Атамбаев.

Булагы: АКИpress

Пикир

Оставить комментарий