• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бул майрамды көрүп, ага катышкың келет экен – Белоруссиядан келген коноктордун ДКО тууралуу сезимдери

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 07.09.18. /Кабар/. Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда биринчи ирет келген “БелТа” Белорус телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович Ысык-Көл жана үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу сезимдери менен бөлүштү.

Биринчи кезекте Акулович Ысык-Көлдүн уникалдуу абасын жана суусун баса белгилеп айтты.

“Керемет суу, аба. Бул жакта жада калса башкача уктайт экенсиң”, - деди ал.

Ал үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган сувенирлердин көптүгүн жана оюндар учурундагы атмосфераны белгилеп өттү.

“Бул майрамды көрүп, ушул процесске катышкың келет экен. Кыргызстан уникалдуу өлкө экен, келгениме аябай кубанычтамын”, - деди ал.

Эске салсак, КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отуруму кечээ, 6-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн. Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурган.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланды.

Отурумга “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев, ТАСС агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков, ТАССтын КМШ жана Балтия секторунун жетекчиси Борис Грушин, “АЗЕРТАДЖ” Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров, “Арменпресс” маалымат агенттигинин аткаруучу директору Арам Ананаян, Белоруссиянын “БелТа” телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович, “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий