• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бул мен үчүн өтө толкунданчу учур – Эльдар Айтматов Астанадагы көчөнүн ачылышы тууралуу

Коом 0

Астана, 16.08.18. /Кабар/.Бул мен үчүн өтө толкунданчу учур”. Бул тууралуу Астанада Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш аземинде жазуучунун уулу Эльдар Айтматов билдирди.

Анын айтымында, Астана укмуштуудай архитектурага ээ аябай заманбап шаар.

“Бул көчө бир нече жыл мурун ачылган экен. Анын чоң экендиги, мындан ары да курула тургандыгы көрүнүп турат. Казакстандын өкмөтүнө бул демилгеси үчүн аябай ыраазымын”, - деди Айтматов.

Ал КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге өзүн расмий делегацияга кошуп алып келгендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Албетте, мен атамды урматтаган адамдарга ыраазымын жана бардыгына рахмат айтам. Чыңгыз Айтматов Казакстандын маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери менен жакын мамиледе болгон. Аны эстеп, урматтагандары үчүн ыраазымын” – деди Айтматов.

Пикир

Оставить комментарий