• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бул спорт! Олимпиада оюндарында финалга чыккан Акжол Махмудов күйөрмандарына кайрылуу жасады

Спорт 0


Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында финалга чыккан кыргыз балбаны Акжол Махмудов күйөрмандарына кайрылуу жасап, жеңилип калган спортчуларды сынга албоого чакырды.

«Жеңилип калган спортчуларды сындабагыла. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген сөз бар. Бул спорт. Адамдардын жакшы жагын көрүүгө аракет кылыш керек», - деген ал видеокайрылуусунда.

Эскерте кетсек, бүгүн Токиодогу Олимп оюндарында Акжол Махмудов 77 кг салмакта чыгып, армениялык балбанды жеңип, финалга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий