• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Бул Тажикстандын агрессиясы", - Баткендин башчысы чек арадагы акыркы кырдаал боюнча

Кырсык 0


Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүн саат 06:00дө кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталып, тез аранын ичинде тажик тараптан чек аранын баардык периметрлери боюнча атуулар башталган.

"Муну мен агрессия деп санайм. Анткени биз күтпөгөн жерден алар атып жатат. Учурда биз тараптан да тиешелүү чаралар колдонулууда. Ок атуу токтой элек. Учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши менен ок атууну токтотуу боюнча тиешелүү буйруктарды берди. Бирок тажик тарап токтой элек. Эгерде ок атуулар баардык жерде токтосо жолугушууларды өткөрөбүз", - деди ал.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Пикир

Оставить комментарий