• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков: Евразиялык интеграция КРдин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт болгон жана болуп кала берет

Президент 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. «Евразиялык интеграция Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыт болгон жана болуп кала берет”,- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңири курамдагы отурумунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйындын катышуучулары менен жылуу саламдашып, Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууну жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн, салтка айланган жылуу жана жаркын маанайда кабыл алуусу үчүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге дагы бир жолу чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Учурдан пайдаланып, өзүмдүн атымдан жана бардык кыргызстандыктардын атынан Владимир Владимировичти президенттик шайлоодогу жеңиши жана кызматка киришүүсү менен чын ниеттен куттуктайм жана бул жооптуу кызматта мындан аркы ийгиликтерди каалап кетким келет», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле ал Никол Пашинянды Армениянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ал Кыргызстандын Бирликке катышуусунун оң натыйжаларынын бири катары эмгек рыногунун либералдашын жана эмгек мигранттарынын абалынын жакшырышын баса белгиледи.

«Ошол эле учурда, позитивдүү өзгөрүүлөргө карабастан, бирликтик Келишиминин жоболорун өркүндөтүү жолу менен биз көп маселелерди чечишибиз керек. Биздин интеграциялык бирикмебизде мигрант-эмгекчилердин тең укуктуулугун жана социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга умтулушубуз керек. Биз төрагалык кылган мезгилде Бирликтин алкагында ийгиликтүү бизнес жүргүзүү жана соодадагы ички карама-каршылыктарды четтетүү үчүн көп иштерди жасадык. 2017-жылы Бирликке мүчө өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмү 26 пайызга өсүшү биздин биргелешкен аракеттердин позитивдүү жыйынтыктарынын ачык-айкын мисалы болуп саналат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы соодадагы тоскоолдуктарды жоюуга, анын ичинде товарларды жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган санариптик күн тартибинин алкагында коюлган милдеттерди өз убагында чечүү маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи.

«Бул иште ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларды маркировкалоо жана көз салуу боюнча санариптик технологияларды киргизүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарыл. Өзгөчө чакан жана орто бизнеске түшкөн оорчулукту эске алуу менен товарларга көз салуу механизмдери синхрондолушу жана алар баскыч баскычы менен киргизилиши керек», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент дүйнөдө соода согушу деп аталган неменин айыгышкан мүнөзгө ээ болуп бара жатканына жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду. «Геосаясаттык чыңалуунун өсүшү евразиялык интеграциянын алкагында биз жетишкен натыйжаларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. – Биз ички өз ара атаандаштык күрөштөн кайтып, эл аралык деңгээлде биргелешип аракеттенишибиз керек. Биздин интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү менен гана өлкөлөрүбүздүн бүт экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн ача алабыз».

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык бирликтин үчүнчү өлкөлөр менен, анын ичинде Кытай, Индия жана Сингапур менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү боюнча биргелешкен иш стратегиялык мааниге ээ болооруна ишеним билдирди.

«Туроператорлорду жана турагентчиликтерди кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногуна кошуу Бирликтин алкагында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү чоң кадам болду. Кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногун түзүү ишин улантуу маанилүү. Өлкөлөр ортосундагы кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү үчүн регионалдык өндүрүш тизмегин түзүүчү долбоорлорду иштеп чыгуу өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Ушундай долбоорлорду каржылоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкынын ишмердигин күчөтүү керек. Бизде интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган реалдуу иш алып баруучу ЕАЭБ финансылык өнүктүрүү институтунун болушу зарыл», - деди Мамлекет башчысы.

Президент алга жылуу керек, бирок Кыргыз Республикасы Бирликке кошулган күндөн бери чечилбей келе жаткан маселелер бар экенин баса белгиледи.

«Тоскоолдуктар жана өткөөлдөр тууралуу сөз болгондо товарларды жылдыруу ишиндеги талаш кырдаалдарды чечүү үчүн Комиссияга кошумча укуктарды берүү зарыл экенин айткыбыз келет.

Комиссия Бирликке мүчө өлкөлөр ортосунда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуу үчүн активдүүлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүшү керек», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Бирликтин органдарындагы бюрократташтыруу маселесине көңүл бурду жана Бирликтин алкагында чечимдерди кабыл алуу тез, ийкемдүү жана мобилдүү болушу керек деп белгиледи. Процесс бардыгы үчүн, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиянын колдоосуна муктаж бизнес үчүн да ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу зарыл.

«Комиссия талаш туудурган маселелерди натыйжалуу чечиши керек жана тийиштүү милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого тийиш. Бул багытта ачык-айкын сунуштарды иштеп чыгып, биздин карообузга алып чыгууну Комиссияга тапшырууну сунуш кылам», - деди Мамлекет башчысы.

Сөзүн аяктап жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия мейкиндигиндеги интеграцияга ар тараптан көмөктөшүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири экенине өнөктөштөрдү дагы бир жолу ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий